Казакстандын экспортту 5 айда 37,2% көбөйдү

Казакстандын экспортту 5 айда 37,2% көбөйдү

Үстүбүздөгү жылдын беш айында Казакстандын экспорту 34 миллиард АКШ долларын же 37,2%ды түздү. Бул тууралуу Соода жана интеграция министрлиги билдирди. Мекеме жеткирүүлөр Грузияга 7, Канадага 6 жарым эседен ашык, Мароккого 5, Түштүк Кореяга 4, Жапонияга 3, Түркияга 2 эсеге көбөйгөнүн белгиледи. Ал эми экспортту тездетүү программасынын алкагында ата мекендик өнүмдү Орусия, Өзбекстан, Бириккен Араб Эмираттары, Сауд Арабия жана Азербайжанга илгерилетүү көздөлгөн. Борбордук Азия, Кытай, Түркия, Европа өлкөлөрү, АКШ жана Иран негизги рыноктук мамлекеттер бойдон кала берет. Негизинен кайра иштетилген өнүмдөрдү алдыга жылдыруу иштери жүргүзүлүүдө. Алардын ичинде тамак-аш, металл буюмдары, жабдуулардын айрым түрлөрү, күйүүчү-майлоочу майлар бар.

Которгон: Илгиз Жамалбеков