Казакстанда сода чыгара турган завод жана туристтик комплекс курулат

Казакстанда сода чыгара турган завод жана туристтик комплекс курулат

Кальцийленген сода чыгара турган завод курулушу 140 миллиард теңгеге жакын инвестиция тартууга мүмкүндүк берди. Ишкананы Кызылорда облусунда ачуу пландалууда. Долбоордун алкагында 700дөн ашык туруктуу жумуш орундары түзүлөт. Алихан Смаилов инфраструктуранын курулушун каржылоо варианттарын карап чыгууну жана жаңы долбоорго инвесторлорду жигердүү тартууну тапшырды. Бул тууралуу өкмөт башчы Казакстандын экономикасын модернизациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын жыйынында билдирди.

Мындан тышкары, жолугушууда Мангыстау облусуна барууну каалагандардын агымын арттыра турган Актау шаарында мейманкана жана туристтик комплексин салуу да талкууланды. Министрлер кабинетинин башчысы долбоорду ишке ашырууну тездетүүнү жана курулушту аяктоо үчүн бюджеттик насыя бөлүү мүмкүнчүлүгүн кароону тапшырды.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков