Президент өкмөткө ата мекендик мунай куурларынын кубатын арттыруу боюнча чара көрүүнү тапшырды

Президент өкмөткө ата мекендик мунай куурларынын кубатын арттыруу боюнча чара көрүүнү тапшырды

Ата мекендик өнүмдү коопсуз жана үзгүлтүксүз экспорттоону камсыздоо боюнча комплекстүү чараларды көрүү зарыл. Бул тууралуу президент Касым-Жомарт Токаев транспорттук-транзиттик дараметти өнүктүрүү боюнча жыйында билдирди. Жыйындын жүрүшүндө жүктөрдү жеткирүүнүн альтернативдүү жолдорун жана мамилелерин иштеп чыгуу, ошондой эле жүк ташуу бизнесин ар тараптандыруу зарылдыгы айтылды. Бул максатта альтернативалык темир жол каттамдарын калыптандыруу, атап айтканда, Достук – Мойынты, Бакты – Аягөз, Мактаарал – Дарбаза долбоорлорун ишке ашыруу, Алматы шаарын айланып өтүүчү темир жол линиясын куруу маселеси талкууланды. Мындан сырткары президент өкмөткө Казакстандын портторун Каспий деңизинин алдыңкы хабдарынын бирине айландыруу боюнча стратегиялык милдет жүктөгөнүн белгиледи. Мунай ташуу бизнесин ар тараптандыруу - маанилүү милдеттердин бири болуп саналат.

«Транскаспий багыты артыкчылыктуу болуп эсептелет. «КазМунайГазга» муну ишке ашыруунун оптималдуу нускасын, анын ичинде Теңиз долбооруна инвесторлорду тартуу мүмкүнчүлүгүн иштеп чыгууну тапшырам. Өкмөт «Самрук-Казына» менен бирдикте Атырау-Кеңкыяк жана Кеңкыяк-Кумкөл мунай түтүктөрүнүн кубаттуулугун жогорулатуу боюнча чараларды көрүшү керек», – деди президент.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков