Казакстан Өзбекстанга мал чарба өнүмдөрүнүн экспортун көбөйтөт

Казакстан Өзбекстанга мал чарба өнүмдөрүнүн экспортун көбөйтөт

Өзбекстанга мал чарба тармагындагы  казакстандык 19 ишкана өз өнүмдөрүн экспорттошот. Тиешелүү макулдашуулар айыл чарба министри Ербол Карашөкеевдин Ташкентке болгон иш сапарынын алкагында жетишилди. Анда түрк мамлекеттеринин жана Экономикалык Кызматташтык Уюмуна мүчө өлкөлөрдүн мекеме башчыларынын жыйыны өттү. Министрдин айтымында, бүгүнкү күндө Казакстанда айыл чарба өнүмдөрүн ташуу жана жеткирүү көлөмүн көбөйтүүгө толук мүмкүнчүлүк бар. Ошондой эле, республика жогорку деңгээлде кайра иштетилген товарлардын экспортун көбөйтүүгө кызыктар. Белгилей кетсек, Казакстандын 37 ишканасы Өзбекстанга мал чарба өнүмдөрүн экспорттоп келет.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков