Казакстанда жаңы ипотекалык программа ишке киргизилет

Казакстанда жаңы ипотекалык программа ишке киргизилет

Казакстандын турак жай компаниясынын кепилдиги менен ипотеканын жаңы түрү ишке кириши мүмкүн. Бул тууралуу өкмөттүн жыйынында «Байтерек» улуттук башкаруу холдингинин төрагасы Канат Шалапаев билдирди. Анын айтымында, пенсиялык топтоолордун үй алуу үчүн жумшоого боло турган чектүү өлчөмүнүн өсүү жана алдыдагы жылы «7-20-25» программасынын аякташына байланыштуу, 500 миллиард теңге ипотекага же 35 000 батирге суроо-талаптын төмөн болушу болжолдонууда. Ага жараша турак-жай сатуунун темпи бир кыйла азайышы мүмкүн. Мунун алдын алуу үчүн экинчи деңгээлдеги банктардын ипотекалык насыялары боюнча пайыздык чендерди субсидиялоо механизмин ишке киргизүү сунушталууда. Негизги шарттар ошол эле бойдон калат. Баштапкы төлөм 20%дан башталган 35 миллион теңгеге чейин насыя 20 жылдык мөөнөткө берилет. Негизги талап - төлөө мүмкүнчүлүгүн тастыктоо.

Канат Шалапаев,  «Байтерек» УБХнын башкарма төрагасы:

- Улуттук банктын базалык өлчөмүнүн деңгээли 5%дан ашпаган ипотека боюнча төлөмакы өлчөмүнүн 7%ы субсидияланат. Экинчи деңгээлдеги банктар өз каражаттарынын эсебинен курулушчулардын баштапкы жана курулуп жаткан үйлөрдү өлкөнүн турак жай компаниясынын кепилдиги менен насыяга бере алышат. Бул программаны ишке киргизүү үчүн эч кандай мыйзамдык өзгөртүүлөр талап кылынбайт. Учурда бюджеттик арыз каржы министрлигинин кароосунда. Бюджет бекитилгенден кийин компания бул программаны дароо ишке киргизүүгө даяр.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков