Балык чарбасын өнүктүрүү

Балык чарбасын өнүктүрүү

Жамбыл облусунда балык чарбасын өнүктүрүү боюнча 10 долбоор ишке ашырылууда. Маселен, Сартөбе айылында камбала балыгын өстүрүү ишканасы ишке кирди. Бул жерде 40 тоннага жакын балык өстүрүлөт. Өндүрүштү кеңейтүү менен кубаттуулукту төрт эсеге жакын көбөйтүү пландалууда.

Саид Фаров, жумушчу:

- Күнүнө эки жолу жем чачам. Эртең менен жана кечинде. Өлчөмдөн көп азыктандырууга болбойт. Балыктар абдан назик. Сууну туруктуу кычкылтек менен каныктыруу абдан маанилүү. Бул үчүн атайын жайлар күнү-түнү иштеп турат. Аны көзөмөлдөө менин милдетим.

Долбоор ички рынокту балык менен камсыздоо, башкача айтканда, импортту азайтып, экспортту өнүктүрүүгө багытталган. Ал облусттук индустриялаштыруу картасына киргизилди.

Маден Мусаев, Кордай районунун акими:

- Ишканага учурда кургаткыч жана түтүн чыгаруучу жай керек. Ишкер бул техниканы мамлекеттен субсидия менен ала алат. Ал эми бул дээрлик 25%ды түзөт. Бул жерде жалпысынан 40 тонна өнүм чыгаруу пландалган. Жамбыл облусунда бир эле учурда мындайдан 10 ишкананы ишке киргизүүнү көздөп жатабыз.

Учурда чарбада чабактарды өстүрүүчү инкубациялык цех, ошондой эле балыктарды кургатуу, ыштоо жана тоңдуруу үчүн жайлар курулууда.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков