Казакстанда күйүүчү-майлоочу майдын чектүү баасы белгиленди

Казакстанда күйүүчү-майлоочу майдын чектүү баасы белгиленди

Казакстанда күйүүчү-майлоочу майдын чектүү баасы белгиленди. Энергетика министрлигинин буйругуна ылайык, эми АИ-80 үлгүсүндөгү бензиндин литри 89 теңгеден сатылат. Костанай жана Түндүк Казакстан облустарында АИ-92 жана АИ-93 күйүүчү майдын баасы 187 теңгеге чейин көтөрүлдү. Башка аймактарда баалар ошол эле деңгээлинде калган. Айдоочулар мурункудай бул маркалуу бензиндин литрине 182 теңгеден төлөшөт. Өлкөдө дизелдик майдын баасы аймактарга жараша литри 230дан 260 теңгеге чейин сатылат.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков