Казакстан менен Корея ортосундагы кызматташтык артат

Казакстан менен Корея ортосундагы кызматташтык артат

Пусан шаарында өткөн Евразиялык шаарлар форумунда казак-корей кызматташтыгынын жаңы багыттары талкууланды. Казакстандын элчиси Бахыт Дүйсенбаев эки өлкөнүн ортосундагы өз ара пайдалуу өнөктөштүктүн динамикалуу өнүгүп жатканын белгиледи. Өткөн жылы эки тараптуу соода жүгүртүү 3 миллиард 200 миллион долларды түзсө, быйыл 5 айда эле бул көрсөткүч эки миллиард доллардан ашты. Ошондой эле, эки тарап транзиттик дараметти өнүктүрүүгө ниеттенүүдө. Бүгүнкү күндө дүйнөдөгү оор геосаясий кырдаалга байланыштуу өлкө дүйнөлүк рынокко өз товарларын жеткирүү маселесин кайра карап чыгууда. Өз кезегинде Борбор Азия чөлкөмүнүн өнөктөштөргө сунуш кыла турган нерсеси бар.

Бакыт Дүйсенбаев,  Казакстандын Кореядагы элчиси:

- Көптөгөн товарларды жеткирүү тизмеги бузулган. Мисалы, бир алкак - бир жол коридору, ТРАСЕКАны айтууга болот. Ар кандай коридорлор Борбордук Азиянын рыногун ар кандай деңгээлде камтып жатат. Азык-түлүк коопсуздугу дагы башка маселе. Борбор Азия өлкөлөрүндө айыл чарба өнүмдөрүн өндүрүү жана кайра иштетүү боюнча чоң мүмкүнчүлүктөр бар.

Ом Гу Хо, Азия-Тынч океан мамлекеттерин изилдөө борборунун мүдүрү:

- Президенттер саясий өнүгүү жана демократиялаштыруу үчүн көп иштерди жасап жатышат. Казакстан менен Корея адам өмүрүнүн коопсуздугун жогорулатуу үчүн билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматташууга басым жасоого өзгөчө көңүл буруусу керек. Биз камсыздандыруу, саламаттыкты сактоо жана социалдык камсыздоо боюнча өнөктөштүктү өнүктүрө алабыз.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков