Нур-Султанга соңку 5 айда 340 миллиард теңгеден ашык инвестиция тартылды

Нур-Султанга соңку 5 айда 340 миллиард теңгеден ашык инвестиция тартылды

Казакстандын борбору негизги капиталга инвестициянын көлөмү боюнча алдыңкы үчтүккө кирди. Бул көрсөткүч быйылкы жылдын беш айында жетишилген. Аталган мезгилде борборго 340 миллиард теңгеден ашык каражат тартылган. Бул 2021-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 8%га көп. Ошол эле учурда өнөр жай, курулуш, транспорт жана логистика инвесторлор үчүн эң тартымдуу болгон. Адистердин айтымында, шаардын экономикасынын 80 пайызы кичи жана орто бизнести өнүктүрүүнүн эсебинен түзүлөт.

Ербол Канафин, «Astana Invest» шаардык өнүктүрүү борбору» ЖЧК башкарма төрагасынын орун басары:

- Чет элдик түз инвестицияга келсек, өткөн жылы анын көлөмү бир миллиард доллардан ашты, бул 2020-жылга салыштырмалуу 68 пайызга көп. Шаардын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө айта турган болсок, бүгүнкү күндө биздин компания дараметтүү инвесторлор үчүн тизер түрүндөгү жүздөн ашык даяр инвестициялык сунуштарды иштеп чыкты. Ошентип, ири инвесторлорго өндүрүш тармагында жана социалдык блокто медицина, билим берүү, спорт сыяктуу тармактарда маанилүү долбоорлорду ишке ашырууну сунуштайт.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков