Казакстандын ТИМ башчысы Австриянын федералдык канцлери менен жолугушту

Казакстандын ТИМ башчысы Австриянын федералдык канцлери менен жолугушту

Казакстан менен Австрия эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу премьер-министрдин орун басары, тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди менен Австриянын федералдык канцлери Карл Нехаммер Венадагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө билдиришти. Казак дипломаты маектешине президент Касым-Жомарт Токаевдин жүргүзүп жаткан саясий жана социалдык-экономикалык реформалары тууралуу маалымат берди. Тараптар ошондой эле соода-экономикалык, инвестициялык кызматташуунун абалын жана келечегин талкуулашты. Өзгөчө көңүл транспорт жана логистика тармагындагы кызматташууга, анын ичинде Транскаспий эл аралык транспорт коридорун өнүктүрүүгө бурулду. Өлкөнүн энергетикалык коопсуздугуна чоң салым кошуп жатканы белгиленди. Башкача айтканда, Австрия мунайдын 40%ын Казакстандан импорттойт. Ошондой эле Казакстандын Европа Биримдигиндеги эң маанилүү соода өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат. Өткөн жылы эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү 163 миллион доллардан ашкан. Ал эми быйылкы жылдын башынан бери 52 миллион долларды түзгөн.

Которгон: Илгиз Жамалбеков