Кызылордалык дыйкандар алгачкы түшүмдөрүн жыйнап алышты

Кызылордалык дыйкандар алгачкы түшүмдөрүн жыйнап алышты

Күрүчтүн ордуна помидор, коон, дарбыз. Айдоо аянттарын ар тараптандыруунун алкагында Кызылорда облусунун дыйкандары ным сактоочу дан өсүмдүктөрүн өстүрүүгө өтүүдө. Шиели районунун дыйкандары алгачкы тушүмдөрүн жыйнап алышты. Быйылкы сезондо жердин бир бөлүгү айыл тургундарына айдоо үчүн берилген. Дыйкандар 612 гектар жерди өздөштүрүп, мол түшүм алууга жетишти.

Максат Ташматов, чарба кожолугунун төрагасы:

- Помидор дейбиз, помидор биздин Казакстандын бардык шаарларына барат. Анан алар чет өлкөгө, Орусияга жөнөтүлөт. Помидорго суроо-талап жогору, анткени анын бул сорту жолго абдан чыдамдуу.

Мурат Аширбеков, Шиели райондук айыл чарбачылыгы бөлүмүнүн башчысы:

- 5447 гектар жер бак, картошка, жашылча-жемиштер. Ал бардык айылдарда жайгашкан, мындан тышкары тургундардын жеке чарба кожолуктарынын үлүштөрү бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн үлүш жерлер берилип, азыркы учурда алгачкы өнүмдөрү чыгып жатат.

Быйылкы сезондо суунун тартыштыгынан улам облуста күрүч айдоо аянты кыскарган. Ар тараптандыруу нымдуулукту натыйжалуу пайдаланууга жана калкты суроо-талап жогору өнүм менен камсыз кылууга мүмкүндүк берет - дешет адистер.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков