Казакстан чет элдик түз инвестициялар боюнча Борбордук Азияда лидер өлкө

Казакстан чет элдик түз инвестициялар боюнча Борбордук Азияда лидер өлкө

Казакстан чет элдик түз инвестициянын көлөмү боюнча Борбор Азия чөлкөмдөрүнүн ичинен лидер өлкө. Мындай көрсөткүч боюнча республика өткөн жылы башка мамлекеттердин региондорунан 46 пайызга озуп кетти. Бул тууралуу өкмөттүн жыйынында тышкы иштер министрдин  орун басары Алмас Айдаров билдирди. Анын айтымында, инвестиция негизинен тоо-кен жана кайра иштетүү өнөр жайына, соода жана курулушка, ошондой эле каржы, камсыздандыруу ишмердигине багытталган.

Алмас Айдаров, Казакстандын тышкы иштер министринин орун басары:

- Акыркы 5 жылда өлкөбүзгө 20 миллиард доллардан ашык инвестиция тартылды. Жалпысынан 2021-жылы Казакстанга негизги инвестиция Нидерландия, АКШ, Швейцария, Орусия, Кытай, Бельгия, Улуу Британия, Түштүк Корея, Түркия жана Франциядан келди. Францияны кошпогондо башка өлкөлөрдө өсүш байкалды.

Жыйындын жүрүшүндө инвестициялык саясаттын жаңы концепциясы сунушталып, өкмөт мүчөлөрү тарабынан жактырылды. Ал 2026-жылга эсептелген. Бул убакытка чейин Казакстанга келген түз чет элдик инвестициянын деңгээли 25,5 миллиард долларга жетет деп күтүлүүдө. Ошону менен бирге негизги басым кайра иштетүү өнөр жайына да жасалган.

Алихан Смаилов, Казакстандын премьер-министри:

- Мамлекеттик инвестициялык саясат сапаттуу тышкы жана ички инвестицияларды тартууга, экономикалык активдүүлүктү жогорулатууга жана калктын кирешесин көбөйтүүгө, анын ичинде жаңы туруктуу жумушчу орундарды түзүүгө багытталат. Бүгүнкү күндө сунушталып жаткан инвестициялык саясаттын концепциясы экономикалык өнүгүүнүн жана калктын бакубаттуулугунун кыймылдаткычы боло турган жаңы инвестициялык циклдин башталышы болууга тийиш. Ошондой эле экономиканын чийки эмес секторлорундагы инвестициялык долбоорлорду каржылоо булактарын кеңейтүү зарыл.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков