Ун баасына байланыштуу серепчилердин божомолдору

Ун баасына байланыштуу серепчилердин божомолдору

Казакстанда ундун баасынын кымбатташы ушул жайда токтошу мүмкүн. Дан өндүрүүчүлөр союзу баанын туу чокусуна жеткенинен улам жакынкы келечекте көтөрүлбөйт деп ишенет. Белгилей кетсек, расмий статистика боюнча өлкөдө ундун баасы бир жылда дээрлик 30%га кымбаттаган. Бул болжолдоо Орусиянын теке айынын 1нен тарта Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүнө дан экспорттоодогу чектөөлөрүн алып салганына түздөн-түз байланыштуу. Тармак адистеринин айтымында, Казакстан рыногуна коңшу өлкөлөрдөн арзаныраак дан түшсө, ата мекендик буудайдын баасы көтөрүлбөйт. Ошол эле маалда ага жараша рыноктук туруксуздук басаңдайт.

Бирок Jusan Analytics серепчилери дан өндүрүүчүлөрдүн божомолуна макул эмес. Алар товарлардын бул тобунун баасы мындан ары да жогорулай турганын айтышууда. Тактап айтканда, 2022-жылы буудайдын таңсыктыгы күтүлүп жаткандыктан баалардын өсүшүнөн кутулбайбыз - дешет адистер. Ошол эле учурда дан эгиндеринин өздүк наркы эт, сүт, ун жана нан азыктарын өндүрүүгө түздөн-түз таасирин тийгизээрин эске алсак бул азыктардын баасы дагы көтөрүлүшү мүмкүн.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков