Мажилис депутаттары кант тартыштыгын чечүүнүн жолдорун сунуштады

Мажилис депутаттары кант тартыштыгын чечүүнүн жолдорун сунуштады

Төрт ай мурун башталган шекер маселеси дагы эле эл арасында дүрбөлөңдү жаратууда. Жыл башынан бери өлкөдө таттуу өнүмдөрдүн баасы 61%га кымбаттап, килограммы 900 теңгени түздү. Бул дагы жетишсиз. Бүгүнкү күндө өлкөдө кантка болгон талап орточо эсеп менен 550-600 миң тоннаны түзөт. Анын 10%ы гана өлкөдө өндүрүлөт. Мамлекет берген тарифтик жеңилдиктер менен 350 миң тонна гана кант алынып келинет. Анткен менен анын мөөнөтү 4 ай. Мажилистин депутаты Фахриддин Каратаевдин айтымында бул өтө аз. Эл өкүлү өкмөткө шекер тартыштыгын жоюунун жолдорун сунуштады.

Фахриддин Каратаев, Казакстан Парламент Мажилисинин депутаты:

- Ишкерлер үчүн ташуу мөөнөтүн 6 айга чейин узартуу, жана жогорудагы канттын жылдык керектөөсүнө ылайык келтирүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу үчүн тарифтик жеңилдикти 550-600 миң тоннага чейин көтөрүүнү туура деп эсептейбиз.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков