Күн карама майы квота менен экспорттолот

Күн карама майы квота менен экспорттолот

Жайдын аягына чейин Казакстандын аймагынан күн карама майын экспорттоого чектөө коюлду. Мамлекеттик киреше комитетинен билдиришкендей, Айыл чарба министрлигинин буйругу кулжа айынын 18нен тарта күчүнө кирди. Экспорт квота боюнча гана жүргүзүлөт. Азыркы учурда өлкөдө арыздарды кабыл алуу жарыяланды. Бул Казакстандан 68 миң тонна күн карама майын экспорттоого мүмкүндүк берет. Бир экспорттоочуга бир айлык жалпы лимит 6000 тоннадан ашпашы керек.

Которгон: Илгиз Жамалбеков