Жүк жеткирүүнү жеңилдеткен долбоор иштелип чыкты

Жүк жеткирүүнү жеңилдеткен долбоор иштелип чыкты

Темир жол аркылуу жүк ташууну мерчемдөө убакытын үч эсе кыскартууга болот. Мындай мүмкүндүк берген жаңы системаны Казакстандык ойлоп табуучулар иштеп чыгышты. Жасалма интеллектке негизделген цитата демилгеси логистикалык жараяндарды оптималдаштырууга багытталган. Башкача айтканда, математикалык ориентация алгоритмдери аркылуу вагондорду бөлүштүрүүнү автоматташтырат жана адам факторун азайтат. Инновациялык IT-чечим жүк ташууларды бир кыйла тездетүү менен бирге экономикалык жактан да үнөмдүү болот. Вагондордун токтоп калбасын текшерет. «MultiCode» системасы азыр жеке логистикалык компанияда ишке ашырылууда. Алдыдагы убакытта ата мекендик ойлоп табуулар өлкөнүн чегинен тышкары тармактык ишканаларга сунуштоону пландап жатышат.

Ануар Сарсембинов, долбоор автору:

- Биз рынокту жана иштеп жаткан технологияларды кылдат изилдеп чыктык. Жыйынтыгында, кыска убакыттын ичинде эсептөөлөрдү жүргүзө турган түргө басым жасадык. Аны жакшырттык. Маселен, алгачкы үлгүлөрү айлык планды 5-6 саатта түзсө, акыркысы 2-3 минутада жасашкан. Долбоордун масштабын кеңейтүү көздөлгөн. Биринчи мультимодалдык компания киргизген пилоттук демилге ийгиликтүү болсо, биз аны темир жол тармагынын башка ишканаларына да сатабыз. Базар абдан чоң. КМШда эле бир жарым миллиондон ашык вагон каттайт.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков