Борбордук Азия мамлекеттери соода горизонтун кеңейтүүгө даяр

Борбордук Азия мамлекеттери соода горизонтун кеңейтүүгө даяр

Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы товар жүгүртүү 6,5 миллиард долларга жетти. Ошол эле учурда аймактын өлкөлөрүнүн ортосундагы өз ара сооданын үлүшү 9%ды түзөт. Буга байланыштуу премьер-министр Алихан Смаилов өлкөлөрдү соода байланыштарын чыңдоого жана кеңейтүүгө чакырды. Министрлер кабинетинин башчысы аймактык кызматташтык ар дайым Казакстандын негизги артыкчылыктарынын бири болуп келгендигин белгиледи. Учурда өнөр жай, энергетика, унаа жасоо, айыл чарба жана башка тармактарда биргелешкен долбоорлор ийгиликтүү ишке ашырылууда. Алихан Смаиловдун айтымында, дүйнөлүк экономикадагы терең структуралык өзгөрүүлөрдүн шартында улуттук экономиканы өнүктүрүү саясатын орто мөөнөттүү мезгилге ылайыкташтыруу зарыл.

Алихан Смаилов, Казакстандын премьер-министри:

- Биз бизнес чөйрөсүнүн жана эл аралык каржы уюмдарынын серепчилеринин жигердүү катышуусу менен Казакстандын жаңы экономикалык саясатын иштеп чыгууга кириштик. Бул документтин алкагында инвестициялык климатты, бизнес-чөйрөнү жакшыртуу, мамлекеттин экономикага катышуусун азайтуу, технологиялык модернизацияны стимулдаштыруу, инновацияларды, масштабдуу жана CJ стандарттарын киргизүү, «жашыл» каржылоо жана альтернативдүү энергетиканы кеңейтүү боюнча жаңы чаралар иштелип чыгат.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков