АЭКБда катталган криптобиржалар казакстандык банктарда эсеп ача алат

АЭКБда катталган криптобиржалар казакстандык банктарда эсеп ача алат

«Астана» Эл аралык каржы борбору жана экинчи деңгээлдеги банктар Казакстанда криптоиндустрияны жана блокчейн технологиясын өнүктүрүү боюнча биргелешип иш алып барат. Бул тууралуу Казакстандын санариптик өнүктүрүү, инновациялар жана аэрокосмостук өнөр жай министрлиги билдирди. Каржы институттарынын өкүлдөрү жыл бою иштей турган пилоттук долбоорду ишке киргизишти. Ал өлкөнүн аймактык криптовалюта катары дараметин андан ары өнүктүрүү үчүн тиешелүү ченемдик укуктук базаны камсыз кылууга багытталган. Пилоттук долбоор ийгиликтүү ишке ашкан учурда улуттук мыйзамдарга да, «Астана» эл аралык каржы борборунун актыларына да өзгөртүүлөр киргизилет. Ошол эле учурда пилоттук долбоордун артыкчылыгы Казакстанда жөнгө салынуучу сектордо санариптик активдердин соодасын уюштуруу болуп саналат. Ал жеке жана кесипкөй инвесторлордун укуктарын талаптагыдай коргоону камсыздайт.

Биз криптовалютаны киреше булагына айлантып, финансылык технологияларды өнүктүрүүнүн кийинки баскычына өтүшүбүз керек. Казакстандын электр энергиясы менен өндүрүлгөн санариптик активдер жергиликтүү криптовалютада соодаланып, кирешелер өлкөдө кала тургандай толук кандуу экосистеманы түзүү зарыл. Ошол эле учурда бизде AЭКБ сыяктуу ылайыктуу платформа да бар - деп атап өттү санариптик өнүктүрүү министри Багдат Мусин.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков