Кызылордалык дыйкандар күрүчтүн ордуна картошка менен дарбыз өстүрүшөт

Кызылордалык дыйкандар күрүчтүн ордуна картошка менен дарбыз өстүрүшөт

Күрүчтүн ордуна картошка менен дарбыз. Айдоо аянттарын диверсификациялоонун алкагында Кызылорда облусунун дыйкандары сууну үнөмдөөчү өсүмдүктөргө өтүүдө. Маселен, Кармакшы районунда  алты жүз гектарга жакын жерди ушундай жол менен иштетүү  пландаштырылган.

Адилбек Ерсултанов, Кармакшы районунун  акими:  

 - Буга чейинки бакчанын көлөмү 400 гектарды түзүп келсе, быйыл 600 гектарга жеткирип отурабыз. Демек  биз 200 гектарга көбөйтүп жатабыз. Чарбачылыктын  быйылкы өзгөчөлүгү мурунку күрүч айдаган жерлерге бакча өнүмдөрүн тигип жатабыз. 

Серик Бейисов, Алдашбай Ахун айылынын тургуну:

- Плёнка менен жапсак жердин астына күндү  эки эсе тартат экен. Ошондо тез өсөт. Биздин  максат Жаңакорган, Шымкент сыяктуу өз өнүмүбүздү сыртка чыгаруу.  Эрте бышырып аны пайдалануу.

Быйылкы айыл чарбачылыгы убагында суунун тартыштыгына байланыштуу  облуста күрүчтүн айдоо аянты 5 миң гектарга кыскарган. Адистер айдоо аянттарын диверсификациялоо менен сууну үнөмдөөгө жана элди сапаттуу өнүм менен камсыздоого болот дешет.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков