Казакстанда жаңы шамал электр станциясы курулат

Казакстанда жаңы шамал электр станциясы курулат

Жамбыл облусунда кубаттуулугу 1 гигаватт болгон шамал электр станциясы курулат. Ири долбоорду ишке ашырууга инвесторлордун каражаттары тартылат. Өлкөнүн энергетика министрлиги билдиргендей, инновациялык технология шамалдын кубатынан электр энергиясын иштеп чыгууга, аны сактоого жана энергосистемага көп жүк түшкөндө керектөөгө мүмкүндүк берет. Долбоор Казакстанда өндүрүлгөн «жашыл» энергиянын көлөмүн көбөйтүүгө өбөлгө түзүлмөкчү.

Болат Акчулаков, РКнын Энергетика министри:

-Заманбап станциянын кубаттуулугу 1 гигаватты түзөт. Бул ата мекендик энергетика системасын өнүктүрүүдөгү көйгөйлөрдү чечүүгө, зыяндуу заттардын чыгышын азайтууга мүмкүндүк берет.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков