АИ-95 маркалуу күйүүчү май менен суюлтулган газдын баасы өсүшү мүмкүн

АИ-95 маркалуу күйүүчү май менен суюлтулган газдын баасы өсүшү мүмкүн

Энергетика министрлиги АИ-95 үлгүсүндөгү бензин менен суюлтулган газдын кымбатташы мүмкүндүгүн жокко чыгарбайт. Үстүбүздөгү жылдын башында өлкөдө социалдык маанилүү күйүүчү майлардын белгиленген наркы бекитилген. Эске салсак, үчтүн айында күйүүчү майдын кымбатташы  Казакстан боюнча  нааразылыктарды жараткан. Андан кийин президент өлкөдө анын чектүү баасын киргизүүнү тапшырды. Буйруктун мөөнөтү теке айынын 1де бүтөт жана Энергетика министрлиги бааны мурдагыдай калабы же жокпу деген так чечим кабыл ала элек.

Жандос Нурмаганбетов, РКнын энергетика вице-министри:

- Баалардын олуттуу көтөрүлүшү күтүлбөйт. Биз чукул өзгөрүүлөргө жол бербөө үчүн бардык чараларды көрөбүз. Суюлтулган газ бир аз кымбаттайт, тиешелүү буйрук чыкты. АИ-93 үчүн кымбаттоо болбойт деп уктум. АИ-95 үлгүсүндөгү бензин министрлик тарабынан жөнгө салынбайт. Аны көбүнчө бай адамдар алышат.

Эске салсак, 2022-жылдын теке айынын 1не чейин өлкөдө күйүүчү майдын максималдуу баасы колдонулат. АИ-80 литри 89, АИ-92 жана 93-182 теңгени түзсө, дизелдик майдын баасы аймактарга жараша 230-260 теңге аралыгында.

Казакстан азыркы учурда ички рынокто мунай өнүмдөрүнүн балансын сактоо максатында аларды өлкөдөн ташып чыгууга тыюу салууну 2022-жылдын аягына чейин узартуу боюнча иштерди жүргүзүүдө.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков