2021-жылы мамлекет социалдык милдеттенмелерин толук аткарды

2021-жылы мамлекет  социалдык милдеттенмелерин толук аткарды

Өлкөнүн экономикасы өнүгүп, ишкердик активдүүлүк өсүүдө. Бул тууралуу Каржы министринин бүгүн Мажилисте болгон баяндамасында айтылды. Ерулан Жамаубаевдин айтымында, былтыркы киреше 12 триллион теңгеден ашкан. Ички дүң өнүмдүн өсүшү 4% га жетти. Бардык тармактарда жылыш бар. Мисалы, өнөр жай 4%, ал эми курулуш 7,6%га өстү. Транспорт тармагында да жылыштар байкалат. Сооданын өсүшү 9 пайыздан ашты.

Ерулан Жамаубаев, Казакстандын каржы министри:

- 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча инфляциянын деңгээли 8,4 пайызды түздү. Негизги капиталга инвестициянын көлөмү 3,5 пайызга өстү. Жумушсуздук 4,9% деңгээлинде калды. Мында республикалык бюджеттин аткарылышы төмөнкү көрсөткүчтөр менен мүнөздөлөт. Киреше 100,8%га аткарылып 12,7 триллион теңгени, ал эми чыгашалар 99,2%га аткарылып 15,2 триллион теңгени түздү. Социалдык чыгымдар 2020-жылга салыштырмалуу 910 миллиардка көбөйүп, 7,5 триллион теңгени түздү.

Бюджеттик чыгашалардын жарымы социалдык тармакка багытталган. Бул жаатта министр мамлекет өзүнүн социалдык милдеттемелерин толук аткарганын билдирди.

Ерулан Жамаубаев, Казакстандын каржы министри:

- Билим берүү, саламаттыкты сактоо жана маданият тармагындагы мугалимдердин, дарыгерлердин, маданият жана социалдык коргоо кызматкерлеринин айлык акысы көтөрүлдү. Бул тармактарга 950 миллиард теңгеге жакын каражат жумшалган. Эпидемияга каршы иш-чараларга 422,6 миллиард теңге бөлүнгөн. Жалпысынан алганда, пандемияга карабастан, мамлекет өзүнө алган социалдык милдеттенмелерин толук аткарды.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков