Улуттук банк базалык ченди өзгөртүүсүз калтырды

Улуттук банк  базалык ченди өзгөртүүсүз калтырды

Улуттук банк базалык ченди өзгөртүүсүз 14 пайыз деңгээлинде калтырды. Акча-кредит саясаты комитети мындай чечимди инфляциянын кыска мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү келечектеги тобокелдиктерин эске алуу менен кабыл алды. Ошондой эле, каржылык жөнгө салуучу орган бугу айында жылдык инфляция 14%га жеткенин билдирди. Бул көрсөткүчкө азык-түлүктүн кымбатташы чоң салым кошконун белгилей кетүү керек. Бирок жөнгө салынуучу коммуналдык төлөмдөргө жана күйүүчү майдын кымбатташына мораторий киргизилгени инфляцияны бир калыпта кармап турат. Серепчилердин баамында, эгерде базалык чен ошол бойдон кала берсе, 2022-жылы инфляция 13-15%ды түзүшү мүмкүн. Бирок 2023-жылы абал жакшырып, инфляциянын деңгээли акырындап 7,5 - 9,5%га чейин төмөндөй турганы күтүлүүдө. Белгилей кетсек, базалык чен боюнча кийинки чечим теке айынын 25де белгилүү болот.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков