Италия ишкерлери Казакстанга инвестиция салууга кызыктар

Италия ишкерлери Казакстанга инвестиция салууга кызыктар

Казакстан менен Италиянын ортосундагы соода жүгүртүү 2021-жылы 9,5 миллиард долларга чейин өстү. Ал эми Апенин аралдарынан өлкөгө келген түз чет элдик инвестициянын көлөмү 123 миллион долларга жакындады. Тараптар бул көрсөткүчтү көбөйтүүнү көздөп жатышат. Бул тууралуу Казакстандын вице-премьер-министри, тышкы иштер министри Мухтар Тлеубердинин Италиянын саясий жана ишкер чөйрөлөрү менен болгон сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында белгилүү болду. Белгилей кетсек, азыркы мезгилде мунай-газ тармагында, курулушта, инфраструктураны өнүктүрүүдө жана энергетикада италиялык 200 компания иштеп жатат. Мындан тышкары, европалык ишкерлер тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайы, транспорт менен логистика, айыл чарба, унаа жасоо ошондой эле жашыл энергетикада биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгууга кызыктар.

Мухтар Тлеуберди, Премьер-Министрдин орун басары-тышкы иштер министри:

- Италиялык компаниялар Казакстандагы долбоорлорго инвестиция салган бөлүм өзгөчө кызыгууну жаратты. Айрыкча геосаясий кырдаалдан улам белгилүү бир кыйынчылыктарга туш болуп, бизнесин Орусиядан башка өлкөлөргө көчүрүүнү көздөгөн компаниялар арасында өзгөчө суроо-талапка ээ. Муну менен катар кызматташуунун келечегин талкууладык жана инвестициялык климатта сунуштала турган бардык жеңилдиктерди тааныштырдык.

Роберто Луонго, Италия соода жана инвестициялык агенттигинин мүдүрү:

- Санкциялар Италиянын экономикасына жана бизнесине таасирин тийгизет. Биздин өкмөт соода агенттиктерине колдоо көрсөтүп, башка рыноктордо жаңы мүмкүнчүлүктөрдү        издөөдө. Бул Казакстанга экспортко же инвестиция салууга мүмкүнчүлүк бар дегенди билдирет. Биз италиялык компанияларды камсыздоо рынокторун ар тараптандырууну каалайбыз. Ошол эле учурда Казакстан абдан кызыктуу рынок.

Эки  тараптуу  кызматташтыкты кеңейтүүдөгү дагы бир маанилүү кадам - Казакстан менен Италиянын ортосунда түз аба каттамдарын ачуу болуп саналат. Кулжа айынын 12нен тарта Миландан Алматыга үзгүлтүксүз каттам ишке кирет. Серепчилердин айтымында, каттамдар  коронавирустук  пандемиядан кийин туризм тармагын калыбына келтирүүгө оң таасирин тийгизет.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков