Казакстанда органикалык жер семирткичтерди өндүрө турган завод курулат

Казакстанда  органикалык жер семирткичтерди өндүрө турган завод курулат

Көмүрдөн, органикалык жер семирткичтерди өндүрө турган завод, ошондой эле жүн менен жип чыгаруучу ишканалар. Ушул жана башка бир катар инвестициялык долбоорлорду Казакстанда жүзөгө ашыруу көздөлүүдө. Бардыгы болуп ушул сыяктуу 761 демилге киргизилген. Алардын жалпы баасы 24 триллион теңгени түзөт. «KazakhInvest» компаниясынын маалыматы боюнча, ата мекендик жана чет элдик инвесторлор өнөр жай, логистика, бизнес борборлор, мейманканалар жана башка кыймылсыз мүлктөрдү куруу үчүн инвестиция салууга ниеттенүүдө. Алардын 60ка жакыны быйылкы жылы пайдаланууга берилиши күтүлүп жатат.

Мейиржан Юсупов, KAZAKHINVESTтин башкарма төрагасы:

- Мамлекет башчысынын тапшырмасы боюнча биз Тышкы иштер министрлиги жана тармактык мекемелер менен биргеликте инвестициялык долбоорлорго коомдук мониторинг жүргүзүү үчүн акимчиликтердин жардамы менен алардын бирдиктүү эсебин түздүк. Тармактар ​​боюнча айтсак, агроөнөр жай комплекси, унаа жасоо, туризм, транспорт жана логистика, мунай-химия, фармацевтика тармагында тиешелүү долбоорлор бар. Башкача айтканда, өлкөбүз үчүн маанилүү жана артыкчылыктуу бардык тармактарды камтыйт. Аймактар ​​толугу менен катышат. Ал үчүн бир гана ири шаарларды тандоо зарыл эмес. Биз кичи шаарларга артыкчылык бердик. Кээ бир долбоорлор кен жайларынын жанында ишке ашырылат.

2021-жылы өлкөнүн аймактарына эки жүзгө жакын чет элдик бизнес делегациялар келген. Инвесторлор жергиликтүү аймактагы долбоорлорду өнүктүрүү дарамети, инфраструктуралык жана логистикалык мүмкүнчүлүктөр менен тааныштырылды.

Мейиржан Юсупов, KAZAKHINVESTтин башкарма төрагасы:

 - Башкача айтканда, биз долбоорлорду баштан-аяк колдойбуз. Акимчиликтер жана министрликтер менен жолугушууларды өткөрүп, эң натыйжалуу инвестициялык аянтчаны тандоого жардам беребиз. Ушундай комплекстүү иштер жүргүзүлөт.

 Белгилей кетсек, өткөн жылы Казакстанда 57 инвестициялык долбоор ишке ашырылган.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков