Казакстан-Грузия: өз ара кызматташтыктын келечеги

Казакстан-Грузия: өз ара кызматташтыктын келечеги

Казакстан менен Грузиянын соода жүгүртүүсү 29,5 миллион доллардан ашты. Бул дагы чек эмес. Тараптар өз ара сооданы көбөйтүү жана логистика менен айыл чарба тармагындагы кызматташтыкты чыңдоо үчүн олуттуу мүмкүнчүлүктөр бар деп эсептешет. Белгилей кетсек, эки өлкөнүн ишкерлеринин өз ара инвестициясы да көбөйгөн. Акыркы 16 жылда Грузиядан Казакстанга түз инвестициянын жалпы агымы 285 миллион доллардан ашты. Ал эми Казакстан Грузиянын экономикасына 495 миллион доллардан ашык инвестиция салды.

Георгий Джахуташвили, Казакстан – Грузия экономикалык бирикмесинин башкарма төрагасы:

- Соода тармагында абдан жакшы жылыш бар. Өлкөлөр ортосундагы тышкы соода 28%га жакын өстү жана туруктуу багытка айланууда. Бүгүнкү күндө мурдатан келе жаткан жеке өнүмдөр, категориялар гана бар. Бирок биздин максат Казакстан менен Грузиянын дараметтүү экспорттук өнүмүнүн бардык мүмкүнчүлүктөрүн көрүп, пайдалануу.

Ирина Квахадзе, TVS Capital изилдөө кызматынын башчысы:

- Биз Казакстандын экономикасын изилдеп, Казакстан менен Грузиянын кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча баяндама жасадык. Айрыкча туризм тармагы жакшы өнүккөн. Экспорт боюнча Казакстан Грузия үчүн негизги экспортер мамлекет болбосо дагы алдыңкы товарлар бар.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков