Казакстан дүйнөлүк экономикалык форумга катышты

Казакстан дүйнөлүк экономикалык форумга катышты

Геосаясий чыңалуу, азык-түлүк тартыштыгы жана глобалдык инфляция. Бул Швейцариянын Давос шаарында өтүп жаткан Дүйнөлүк экономикалык форумда талкууланган негизги темалар. Анда дүйнөлүк экономикалык институттар кырдаалды турукташтыруунун ар кандай жолдорун сунушташууда. Эң негизгиси - тармактарды ар тараптандыруу жана өз ара сооданы күчөтүү. Касым-Жомарт Токаев форумдун катышуучуларына видео кайрылуу жөнөттү. Мамлекет башчысы республиканын инвестициялык программасын тааныштырып, казакстандык өнүгүүнүн жаңы баскычы жөнүндө айтып берди.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

- Биз бийликтин бардык бутактарын реформалоо жолу менен суперпрезиденттик системадан ченемдик президенттик башкарууга өтүүнү көздөп жатабыз. Парламенттин ролу күчөтүлүп, жаңы саясий партиялар үчүн тоскоолдуктар азаят. Бийликти децентралдаштыруу жолунда коррупцияга жана тааныш-билишитикке жол берилбейт. Өлкөнүн келечеги үчүн байлык менен бийликтин бир колго топтолушун токтотууга тийишпиз. Бул өзгөрүүлөр боюнча Казакстан Конституциясына киргизиле турган 33 түзөтүү каралган.

Мындай жогорку кепилдиктер Казакстандын экономикасына инвестиция салуунун маанилүүлүгүн баса белгилейт. Казакстан дараметтүү инвесторлорду Астана эл аралык каржы борборунда түзүлгөн бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууга чакырат. Бул жерде инвестиция эл аралык деңгээлде корголот.

Кайрат Келимбетов, Астана эл аралык каржы борборунун башкаруучусу:

- Мамлекет башчынын кепилдиктери, жарыяланган экономикалык реформалар, Жаңы Казакстанды түзүү боюнча жаңы экономикалык саясаттын реформаларына инвесторлор чоң кызыгуучулук таанытып, бул ишке катышууну каалашат.

Саясий реформалар ошондой эле Казакстандын экономикасын өнүктүрүүнүн жаңы өсүшүнө негиз болот. Чийки заттарды казып алуу гана эмес, өлкөгө да, долбоорго каржы салган инвесторлор үчүн да киреше алып келүүчү товарлар өндүрүшүн өнүктүрүү керек.

Ричард Гриффитс, Катар мамлекетинин кеңешчиси:

- Казакстан өзүн-өзү өнүктүрүү боюнча фантастикалык иштерди жасады деп ойлойм, албетте алдыда дагы көптөгөн максаттар бар. Латын Америка, Африканын, Европанын башка өлкөлөрүндөй эле, Казакстан дүйнөлүк рынок инвестиция салган өлкө болуп калышы мүмкүн. Бул – хаб. Борбордо жайгашкан географиясы мыкты. Ушул калыпта уланта берсеңиздер өлкөңүздөргө мол инвестиция алып келишет.

Анастасиос Эконому,  YPO Эл аралык уюмунун башкармалыгынын башчысы:

- Бул абдан маанилүү деп ойлойм. Эгер инвестиция тартууну кааласаңыз, анда коопсуз жана жөнгө салынуучу чөйрөнү камсыз кылуу керек. Казакстанды алсак, ал криптовалюталардын дүйнөлүк картасында жакшы ийгиликтерге жетишти. Мен инвесторлорго таасир эткен реформаларга чын жүрөктөн кубанычтамын.

Өткөн жылы өлкөгө тартылган чет өлкөлүк түз инвестициялардын көлөмү пандемияга чейинки көрсөткүчтөрдөн ашып кетти. Казакстандын экономикасына 24 миллиард доллар каржат салынды. Бирок 2022-жылдагы каатчылык пандемияга караганда кооптуу. Деген менен ал өнүгүүнүн жаңы этабын ачат. Буга байланыштуу Казакстандын эл аралык капиталды тарткан аймактык хаб болууга чоң мүмкүнчүлүгү бар.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков