Казакстанда 2040-жылга карата сууну керектөө көрсөткүчү 56 пайызга өсүшү мүмкүн

Казакстанда 2040-жылга карата сууну керектөө көрсөткүчү 56 пайызга өсүшү мүмкүн

Казакстанда каналдар жана суу сактагычтар капиталдык оңдоону талап кылат. Ал эми суу ресурстарын башкарууну автоматташтыруу тутуму создуктурулбашы керек. Бул тууралуу өкмөттүн жыйынында Премьер-министр Алихан Смаилов билдирди. Ал өлкөдөгү сууну керектөө 2040-жылга чейин 56 пайызга өсүп, суу тартыштыгы жылына 12 чарчы чакырымга жетиши мүмкүн экендигин жашырган жок. Бул маселелерди эске алуу менен өкмөт башчы министрликтерге бир катар тапшырмаларды берди. Тактап айтканда, ал суу дипломатиясы боюнча так позицияны иштеп чыгуунун жана өкмөттөр аралык комиссиянын алкагында өлкөнүн кызыкчылыктарын эске алуу менен иштөөнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Алихан Смаилов, Казакстандын премьер-министри:

- Айыл чарба министрлиги кызыкдар мамлекеттик органдар менен бирдикте сугат ыкмаларына жараша суу берүү кызматынын ордун толтуруу боюнча субсидияларды айырмалоо маселесин иштеп чыксын.  Улуттук Экономика министрлиги Айыл чарба жана экология министрликтери менен бирдикте 1 гектар сугат жерине эмес, сугат үчүн сарпталган суунун көлөмүнө акы төлөө маселесин иштеп чыксын. Бул сууну натыйжалуу пайдаланууга өбөлгө түзөт.

Ошондой эле, Алихан Смаилов акимчиликтерге сууну сарамжалдуу пайдалануу маселесин өзгөчө көзөмөлгө алууну тапшырды. Муну менен катар суу чарба объектилерин санариптештирүү жана автоматташтыруу боюнча Жол картасын өз убагында ишке ашыруу зарылчылыгын белгиледи.

Алихан Смаилов, Казакстандын премьер-министри:

- Эгерде каналдардын жана суу сактагычтардын менчик ээлери өз милдеттерин так аткарса, суу ресурстарын башкарууну жакшыртуу жана оңдоо иштерин мамлекеттик колдоо чараларын стимулдаштыруу маанилүү. Мындан тышкары, сугат суусун натыйжалуу бөлүштүрүү керек. Акимчиликтер фермерлердин арасында сууну көп талап кылган өсүмдүктөрдүн аянттарын кыскартуу боюнча түшүндүрүү иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүп турушу кажет. Сугат суунун тарифин кайра карап чыгуу жана аны сарамжал пайдаланууну камсыз кылуу абдан маанилүү маселе.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков