Б. Акчулаков: Казакстан калкынын 58 пайызга жакыны көгүлтүр от менен камсыздалды

Б. Акчулаков: Казакстан калкынын 58 пайызга жакыны көгүлтүр от менен камсыздалды

Жылдын аягына чейин 93 калктуу конуш газ менен камтылат. Бул максаттарга бюджеттен кошумча 50 миллиард теңге каралган. Бул тууралуу Казакстандын энергетика министри Болат Акчулаков Өкмөттүн жыйынында билдирди. Мекеме башчысынын маалыматында, 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча республиканы газдаштыруу көрсөткүчү 57,67%га жеткен. Ошентип, бүгүнкү күндө 11 миллион адам көгүлтүр отун менен камсыздалды. Бул иштер 2015-2030-жылдарга өлкөнү газдаштыруу программасына ылайык ишке ашырылат. Газды кошумча керектөөнүн көлөмүнүн кескин өсүшүнө байланыштуу Министрлик «Казгаз» менен биргеликте газдаштыруунун башкы мерчемин жакшыртууда. Долбоорду ишке ашыруу боюнча бюджеттен, «Казакгаздан» жана республиканын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардан кошумча акча тартуу каралган.

Болат Акчулаков, Энергетика министри:

- Үстүбүздөгү жылы өлкөнү газдаштырууну өнүктүрүүгө министрликтин бюджеттик программасы боюнча республикалык бюджеттен 45,8 миллиард тенге, ошондой эле 2022-жылга республикалык каражатты  тактоонун алкагында кошумча 50,1 миллиард тенге колдоо тапты. Натыйжада 133 долбоорду ишке ашырууга 96 миллиард тенге каралган, бул 146 миң адамды же 93 калктуу пунктту газ менен камсыз кылууга мүмкүндүк берет. 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча мерчемделген газдаштыруу деңгээли - 58,43 пайыз.

Ошондой эле, министр «газдаштыруунун башкы планын» жакшыртуудан тышкары, газ транспорттук инфраструктураны модернизациялоо, көгүлтүр отунга баа белгилөө моделин өзгөртүү боюнча иштер жүргүзүлүп жаткандыгын белгиледи.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков