Казакстан экспорту 66%га өстү

Казакстан экспорту 66%га өстү

2022-жылдын биринчи чейрегинде Казакстан чет өлкөлөр менен 28 миллиард 700 миллион долларлык соода жүргүздү. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 45%га өскөн. Ошол эле учурда тышкы рынокторго жеткирүүлөрдүн көлөмү 66 пайызга өсүп, 19 миллиард доллардан ашты. Бул тууралуу Казакстандын Экономикалык изилдөөлөр институту билдирди. Ата мекендик товарлардын басымдуу бөлүгү Европа Биримдигине жана Кытай менен Орусияга экспорттолгон. Тизмеде салттуу түрдө казып алуучу тармактар ​​жана айыл чарба өнүмдөрү басымдуулук кылат. Алсак, үчтүн айы-жалган куран айларында мунайдын, катоддук жездин жана ферро-эритмелер экспортунун өсүшү байкалган. Мындан тышкары ун, күн карама майы, макарон азыктары да кыйла өстү. Жалпысынан Казакстандын азык-түлүк экспорту 44%га артты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков