Казакстандын түрк тилдүү мамлекеттер менен соода-алмашуусу 53,3%га артты

Казакстандын түрк тилдүү мамлекеттер менен соода-алмашуусу 53,3%га артты

Казакстандын түрк тилдүү мамлекеттер менен соода алакасы ылдам өсүүдө. Үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында тараптар ортосундагы товар жүгүртүү 53,3%га өсүп, 2,8 миллиард долларды түздү. Өткөн жылдын ушул мезгилинде бул көрсөткүч 1,8 миллиард доллар болгонун Соода жана интеграция министрлиги билдирди. Тараптар мурдагыдай эле соода-алмашуу көлөмүн көбөйтүүгө кызыктар. Казакстан боордош республикаларга 588 миллион доллардан ашкан 130 түрдөгү товарды экспорттоону көздөп жатат. Бул тууралуу Соода жана интеграция министри Кайрат Төребаев Түрк тилдүү мамлекеттер кеңешинин Парламенттик ассамблеясы менен жолугушууда билдирди.

Бизде металлургия, мунай-химия, тамак-аш, химия, унаа жасоо, курулуш, жеңил өнөр жай, фармацевтика, транспорт тармактарында өнүмдөрдүн көлөмүн көбөйтүү мүмкүнчүлүгү бар - деди вице-министр.

Белгилей кетсек, экспорттук дараметти кеңейтүү максатында ишкерлердин чыгымдарынын бир бөлүгүн кайтаруу эрежелерине өзгөртүүлөр киргизилди. Анын айтымында, быйылкы жылдан тарта экспортчуларга IT кызматтары үчүн чыгымдын орду толтурулат. Ошентип, чийки заттык эмес экспортту 1,1 миллиард долларга көбөйтүү көздөлүп жатат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков