Акмола облусунда кургакчылыкка чыдамдуу буудай үрөнү себилүүдө

Акмола облусунда кургакчылыкка чыдамдуу буудай үрөнү себилүүдө

Акмола облусунда кургакчылыкка чыдамдуу буудай үрөнү себилип жатат. Азыр облуста массалык себүү иштери башталды. Маселен, облустун бир районунда 50 миң гектарга жакын жерди өздөштүрүү мерчемделген. Анын басымдуу бөлүгүнө буудайдын жаңы сорттору эгилет.

Бакыт Ермуратов, Өнөктөштүктүн аткаруучу мүдүрү:

- Негизги багытыбыз сортторду жаңыртууга багытталган, башкача айтканда айыл чарбасына киргизүүнү талап кылган кургакчылыкка чыдамдуу сортторду тандоо. Бул негизинен кургакчылыкка ыңгайлашкан казакстандык сорттор. Андыктан биз бүгүнкү күндө илимпоздор менен тыгыз иштешип жатабыз.

Акмола облусунда күн сайын 250 миң гектар жерге эгин себүү белгиленген. Буга байланыштуу жазгы талаа иштерине 15 миңге жакын трактор, бир жарым миңге жакын себүүчү техника чыкты. Дыйкандар жазгы дан эгиндерин жана май өсүмдүктөрүн себүүнү бугу айынын аягы кулжа  айынын башына чейин бүтүрүүнү көздөшүүдө. Жалпы айдоо аянты 5 миллион гектардан ашык.

Еркеш Аленов, Облусттук айыл чарба башчысынын орун басары:

- Бизде үрөн боюнча маселе жок. Үрөн сатуучу 33 чарба бар. Алар 50 миң тонна биринчи жана экинчи элиталык үрөндөрдү сатып жатышат. Ал эми райондо үрөн маселеси чечилди. Күйүүчү майга келсек, өкмөт тарабынан арзандатылган 72 миң тонна күйүүчү май берилди. Аны 3 айга бөлдүк.

Белгилей кетсек, жогорку түшүмдүү элита үрөндөрүн сатып алган дыйкандарга мамлекет чыгымдын 50-70 пайызын кайтарып берет. Бул үчүн казынадан 800 миллион теңгеге жакын каражат бөлүнгөн.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков