Казакстандыктардын депозиттеринде 13 триллион теңге чогулган

Казакстандыктардын депозиттеринде 13 триллион теңге чогулган

Казакстандыктардын банктардагы депозиттеринин көлөмү чын куран айында 13 триллион теңгеге жетти. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 13 пайызга көп деп билдирет Ranking kz. Жарандар акча сактоо үчүн өлкөдөгү 22 банктын 18ин тандап алышкан. Депозиттердин өсүшү боюнча мамлекеттик үй-бүлөлүк банк алдыда. Турак-жай аманаттарына адистешкен бул каржы мекемесиндеги депозиттер 45 пайызга өскөн. Ошентип, турак-жай сатып алууну көздөгөн казакстандыктар 2 триллион теңгеден ашык каражат чогулткан. Эске сала кетсек, быйыл үй-бүлөлүк банк экинчи деңгээлдеги банктардын тизмесинен чыгарылып, улуттук өнүктүрүү институту макамына ээ болду. Өткөн жылдагыдай эле Казакстан банктарынын жалпы депозиттик портфелинин 51%ы жеке депозиттердин үлүшүнө туура келет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков