Astana Hub Борбордук Азияда Google for Startups менен өнөктөштүк орноткон алгачкы IT компания болуп калды

Astana Hub Борбордук Азияда Google for Startups менен өнөктөштүк орноткон алгачкы IT компания болуп калды

Казакстандын Astana Hub IT компаниясы глобалдык Google for Startups менен өнөктөштүк келишимине кол койду. Бул Борбор Азия аймагындагы биринчи келишим. Эки тараптын ортосунда жыл башынан бери сүйлөшүүлөр жүрүп келген. Өз кезегинде Astana Hub Google for Startups менен биргеликте Казакстандан тышкары Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Азербайжан жана Монголиядан келген стартаптар үчүн акселераторду ишке киргизди. Ошентип, аталган өлкөлөрдөгү стартаптар дүйнөлүк компаниялар менен бирдей шартта иштөөгө мүмкүнчүлүк берилип жатат. Белгилей кетсек, арыздар бүгүнтөн тарта кабыл алына баштайт.

Айгерим Жаркын, Astana Hub бизнес-программалар кеңсеси мүдүрүнүн милдетин аткаруучу:

- Google for Startups бул Googleдун туунду компаниясы. Google 2011-жылы өзүнүн стартап программасын ишке киргизген. Бүгүнкү күндө анда 50 коворкинг жана 125 мамлекеттик акселерация программасы иштейт. Эми алар бизди расмий өнөктөштөрдүн картасына кошту. Демек борбор Азиянын картасында жалгыз Казакстан гана белгиленгенин билдирет. Алар менен бирге акселерация программасын мерчемдештирип жатабыз. Быйыл 2 багытты ишке киргизебиз. Бардыгы болуп 15 стартап чогултабыз. Google for Startups өз кезегинде уникалдуу адистерди, ошондой эле алардын кызматтарын колдонууну камсыз кылат.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков