Жеңилдетилген унаанасыя алууга эки миңден ашык адам арыз берди

Жеңилдетилген  унаанасыя алууга эки миңден ашык адам арыз берди

Жеңилдетилген автонасыя алуу үчүн 2 миңден ашык казакстандык арыз жазган. Бул тууралуу Индустрия жана инфраструктураны өнүктүрүү министрлигинин Өнөр жайды өнүктүрүү комитетинин төрагасынын орун басары Олжас Сапарбеков билдирди. Кечээтен бери 2 банк арыздарды кабыл ала баштады. Анын айтымында программаны ишке ашыруу жана калктын керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн транспорттук ресурстар жетиштүү. Бүгүнкү күнгө чейин орто эсеп менен айына жети миң унаа чыгарган өндүрүүчүлөр келээрки сезондон баштап бул көрсөткүчтү тогуз миңге жеткирүүнү көздөп жатышат. Ошентип жыл аягына чейин жүз тогуз миң ата мекендик темир тулпарлар кураштырылат.

Олжас Сапарбеков, Индустрия жана инфраструктуралык өнүктүрүү министрлигинин индустриялык өнүктүрүү комитетинин төрагасынын орун басары:

- Өндүрүүчүлөр азыр 6 миңдей унааны сатууга чыгарды. Алардын бир бөлүгү боюнча кечээ адамдар өз эсеп-кысаптарын алууга жетишти. Орто эсеп менен эки банкка 2200дөн ашык арыз келип түшкөн жана учурда алар каралып жатат. Башка банктарга келсек, кечээ кесиптештер айткандай корпоративдик процедуралар аяктоодо. Жакынкы арада  жараяндар бүткөндөн  кийин алар бул программаны ишке ашыра башташат.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков