Нур-Султан шаарынын экспорттук дарамети күч алууда

Нур-Султан шаарынын экспорттук дарамети күч алууда

Казакстандын борбору экспорттук дараметин жогорулатууда. Улуттук статистика бюросунун алдын ала маалыматы боюнча, Нур-Султандын өнөр жай өнүмдөрүн жеткирүүнүн көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6 эсеге өсүп, 228 миллион доллардан ашты. Инвестицияларды жана ишкердикти өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Ержан Балтаевдин айтымында, 2021-жылы шаардын бир катар жакынкы жана алыскы чет өлкөлөр менен болгон соода жүгүртүүсү 11 миллиард АКШ долларын түзгөн.

Ержан Балтаев, Нур-Султан шаарынын Инвестицияларды жана ишкердикти өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы:

- Бул жалпысынан шаар үчүн жакшы көрсөткүч. Бирок, биз талдап көрсөк, чийки заттын экспорту көбүрөөк болууда. Башкача айтканда, бизде мунай өндүрүүчү, тоо-кен ишканаларынын негизги компаниялары жайгашкан. Мындан тышкары, 70 компаниянын даяр өнүмдөрү экспорттун негизги үлүшүн ээлейт. Эгерде анализдеп көрсөк, биз экспорттун локомотиви болгон вагондорду, жер семирткичтерди, курулуш материалдарын, эсептөөчү аппараттарды, ошондой эле аскердик техникаларды Орусияга, Азербайжанга жиберип жатканыбызды байкайбыз.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков