Касым-Жомарт Токаев улуттук банктын жылдык отчетун кабыл алды

Касым-Жомарт Токаев улуттук банктын жылдык отчетун кабыл алды

Касым-Жомарт Токаев Казакстандын Улуттук банкынын жылдык отчетун кабыл алды. Мамлекет башчы, өлкөдө көрүлүп жаткан чаралардын аркасында Казакстандын экономикасынын өсүшү былтыр 4%дан ашканын белгилеп өттү. Буга кошумча, Казакстандын президенти инфляциянын өсүшүнө да көңүл бурду. Касым-Жомарт Токаев өкмөткө Улуттук банк менен биргеликте 2022-2024-жылдарга инфляцияны көзөмөлдөө жана азайтуу боюнча комплекстүү иш-чаралардын толук аткарылышын камсыз кылууну тапшырды. Мамлекет башчысы Улуттук фонддун ишине да токтолуп өттү. «Республикалык бюджет Улуттук фонддун каражаттарын пайдаланууга таянбашы керек. Акырындык менен трансферттерди кыскартуу керек», - деди президент. Ошондой эле, Касым-Жомарт Токаев Улуттук банктын Финансы рыногун жөнгө салуу жана өнүктүрүү агенттиги менен биргеликте өлкөнүн каржы секторунун дараметин күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

Которгон: Илгиз Жамалбеков