Казакстанда кант экспортуна тыюу салынды

Казакстанда кант экспортуна тыюу салынды

Казакстанда кантты өлкө аймагынан экспорттоого тыюу салынды. Тиешелүү документке айыл чарба министри Ербол Карашукеев кол койду. Тыюу салуу алты айга күчүндө болот. Санкциялар ак кантка жана чийки камыш кантына да тиешелүү. Белгилей кетсек, буга чейин республиканын Соода жана интеграция министрлиги канттын баасын туруктуу кармап туруу үчүн аткаруу бийлиги тарабынан бардык чаралар көрүлөөрүн белгилеген. Ошондой эле аталган мекеме Казакстанда канттын тартыштыгы жок экенин билдирди. Ал эми республикада болгон резервдер тынымсыз толукталып турат.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков