Казакстан менен Түркмөнстан ортосундагы соода алмашуу 100 миллион доллардан ашты

Казакстан менен Түркмөнстан ортосундагы соода алмашуу 100 миллион доллардан ашты

Казакстан менен Түркмөнстандын ортосундагы товар жүгүртүү жыл башынан бери 100 миллион доллардан ашты. Бул былтыркы жыл менен салыштырганда алтымыш пайыздан ашык. Эки тарап өзгөчө энергетика жана айыл чарба тармагында жемиштүү кызматташууну орноткон. Казакстан коңшу республикага буудай экспорттосо, ал жактан химиялык өнүмдөр импорттолот. Мындан тышкары, эки өлкө темир жол, автоунаа жана суу транспорту, логистика тармагында кызматташууну күчөтүүнү көздөөдө. Ашхабадда Казакстандын сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев менен Түркмөнстан парламентинин жогорку палатасынын спикери Гурбангулы Бердымухамедов бул багыттагы биргелешкен иштерди талкуулашты. Бирдиктүү тарифтик саясат Казакстан – Түркмөнстан – Иран жана Казакстан – Түркмөнстан – Ооганстан сыяктуу каттамдар боюнча жүк ташууларды көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков