Казакстанда 6 жылда биринчи жолу инфляция 13 пайыздан ашты

Казакстанда 6 жылда биринчи жолу инфляция 13 пайыздан ашты

Акыркы 6 жылда өлкөдө биринчи жолу инфляция 13 пайыздан ашты. Буга карантин учурундагы логистикалык чынжырлардын үзгүлтүккө учурашы жана акыркы геосаясий кырдаал себеп болгон. Бул тууралуу Улуттук экономика министри Алибек Куантыров билдирди. Мында азык-түлүккө болгон баанын жылдык өсүшү 15,4%дан 17,9%га чейин өскөн. Белгилей кетсек, баанын кымбатташына кант, капуста жана күн карама майы эң көп салым кошууда. Азык-түлүккө кирбеген товарлардын наркы да тышкы рынокко көз карандылыктан улам бир топ кымбаттады.

Алибек Куантыров, Улуттук экономика министри:

- Мисалы, АКШда инфляция 8 пайыздан ашты. Бул да алар үчүн чоң рекорд. Рекорддор Германия, Орусия жана Өзбекстанда да катталды. Казакстандагы рекорд чын куран айында байкалды. Азык-түлүк инфляциясы керектөө бааларынын жалпы индексине күчтүү таасирин тийгизет. Өкмөт менен Улуттук банк тиешелүү чараларды көрүп жатат. Инфляцияны ооздуктоо боюнча чаралар комплекси бар. Улуттук банк акча-кредит саясатын жүргүзүп жаткан учурда Өкмөт шашылыш жана системалуу чараларды көрүп жатат. Эң негизгиси, азык-түлүк импортун алмаштырууну 80 пайыздан 100 пайызга жеткирүү максаты коюлган.

Премьер-министр Алихан Смаилов өкмөт мүчөлөрүнө инфляцияны ооздуктоо боюнча мындан аркы чараларды көрүүнү тапшырды. Мамлекеттик органдар менен акимчиликтер базардагы баалардын өзгөрүшүнө катуу көз салып турууга тийиш.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков