Казакстан-Түркия: экономикалык байланыштар бекемделет

Казакстан-Түркия: экономикалык байланыштар бекемделет

Түрк ишкерлеринин Казакстанда келечеги чоң. Бул тууралуу президент Касым-Жомарт Токаев Анкарада өлкөнүн экономикасына инвестиция тартууга чакырган түркиялык ири ишкерлер менен жолугушууда билдирди. Анда тараптар келечекте ишке ашырыла турган дараметтүү демилгелерди талкуулашты. Мамлекет башчысы инвесторлорго ар тараптуу колдоо көрсөтүлөөрүн баса белгиледи. Түрк ишкерлери азыртан эле өлкөнүн химия, айыл чарба, курулуш жана башка тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда. Өлкөдө түрк капиталы менен 4 миңге жакын фирма ийгиликтүү иштеп жатат.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:

- Акыркы 16 жылда түрк боордошторубуз Казакстанга 4,2 миллиард доллардан ашык инвестиция салышты. Дүйнө жүзү боюнча чет элдик инвестициянын көлөмү кубандыраарлык деп айтууга болот. Түркиянын түз инвестициясы рекорддук көрсөткүчкө жетип, 680 миллион долларды түздү. Азыр түрктөрдүн Казакстанда иштеши кадыресе көрүнүш дегенге болот.

Мамлекет башчысы түрк инвесторлоруна баалуу жана түстүү металлдарды геологиялык чалгындоо боюнча 5 даяр долбоорду сунуштады. Муну менен катар жаңы геосаясий кырдаалга байланыштуу Транскаспий эл аралык транспорттук каттамынын ролу кыйла жогорулаганын белгилеп өттү.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:

- Курык деңиз порту Транскаспий коридоруна кошулгандан кийин Хоргостон Стамбулга жүк ташуу убактысы 5 эсеге кыскарды. Мурда 60 күндө келген жүк азыр 13 күндө эле келет. Биз Кытайга жана Европага мунай экспортоо жолдорун ар тараптандырууну колго алдык. Айрыкча Түркиянын транспорт коридорлорун колдоно баштадык. Мунай куурларынын кубаттуулугун жогорулатуу жана Актау менен Курык деңиз портторун модернизациялоо иштери башталды.

Белгилей кетсек, жолугушуунун жыйынтыгында эки өлкөнүн компанияларынын ортосунда 30 коммерциялык документке кол коюлган. Президент ишкерлерге бекитилген келишимдердин аткарылышы жеке көзөмөлүндө болорун билдирди.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков