Казакстанда чогултулган тик учактар Кыргызстанга экспорттолот

Казакстанда чогултулган тик учактар Кыргызстанга экспорттолот

Казакстанда чогултулган тик учактар ​​Кыргызстанга экспорттолот. Быйыл H-215 еврокоптерине коңшу өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен буйрутма түшкөн. Заводдун жетекчисинин айтымында, Кыргызстанга ушундай беш еврокоптер жеткирилет. Ал эми өлкөнүн өзгөчө кырдаалдар мекемесинин авиапаркында 30дан ашык учак турат. Алардын арасында издөө-куткаруу иштерине, санитардык авиация, патрулдук кызматка жана токойлорду коргоо үчүн колдонулган 15 тик учак бар.

Юрий Ильин, Казакстандын өзгөчө кырдаалдар министри:

- Былтыр биз борттордун 6 оор классын алдык. Бул Казакстанда чыгарылган МИ-8. Ал өзүбүздө кураштырылат. Жакынкы эки жылда дагы 5 МИ-8 тик учагын сатып алууну пландап жатабыз. Жеңил жана оор жабдуулардын түрү эмне үчүн керек? Анткени кыска аралыкка учуу үчүн тез көтөрүлөт, буга кошумча еврокоптерди пайдалануу арзаныраак. Ал эми МИ-8 жана МИ-26 тик учактары токой өртүн өчүрүүчү оор тик учактар болуп саналат. Аэропарк өнүгүп жатат.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков