ІТ тармагындагы Борбордук Азия айымдары хакатонго катыша алат

ІТ тармагындагы Борбордук Азия айымдары хакатонго катыша алат

Айти адистери үчүн уникалдуу хакатон платформасы эми Борбор Азиядан келген ойлоп табуучу кыз-келиндер үчүн ачык. Учурда долбоордун катышуучуларынан арыздар кабыл алынууда. Бугу айынын 23нө чейин Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Тажикстандын серепчилери  ири долбоорлор боюнча өз өнүмдөрүн сунуштай алышат.

Ануар Лензат,  Бизнес-инкубатордун аткаруучу мүдүрү:

- Ар бир өлкө ишкердик жана венчурдук инвестиция чөйрөсүндө жагымдуу боло албайт. Башка аймактарды бириктирүү менен көптөгөн стартаптар пайда болот. Мунун аркасында биз өлкөлөрүбүздү инвестиция үчүн тартымдуураак кыла алабыз. Мындан тышкары, биз Борбор Азиянын бардык өлкөлөрүн камтыган экосистеманы түзгүбүз келет. Биздин өлкөлөрдүн калкы аз, ошондуктан стартаптардын ыктымалдуулугу алда канча төмөн.

Арыздарды берүү жүрүшүндө бир нече долбоорлор сынактын уюштуруучулары тарабынан жактырылды. Анын ичинде Казакстандын өнүгүүсү да бар.

Ануар Лензат,  Бизнес-инкубатордун аткаруучу мүдүрү:

- Бүгүнкү күндө көптөгөн IT стартаптарды жасап жаткан эркектер, алардын көпчүлүгү ушул тармакта. Биз бул тенденцияны бир аз өзгөрткүбүз келет. Батыш өлкөлөрдөгү, өнүккөн мамлекеттердегидей аялдар чоң долбоорлорду ойлоп таап, инвестиция тарта алат деп ойлойбуз. Алар команданын, стартаптын негиздөөчүлөрү болушу керек. Башкача айтканда, бул жерде негизги нерсе – айымдар идеялардын генератору болууда.

Бугу айынын 27-29да өтө турган онлайн сынакта айымдар социалдык жана экономикалык көйгөйлөрдү чече турган өнүмдөрдүн прототиптерин жасай алышат. Сынактын жыйынтыгында жеңүүчүлөр акчалай сыйлыктан тышкары стартап акселераторуна акысыз кире алышат.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков