Нур-Султанда ЮНИСЕФ менен ASTANA HUB ортосундагы долбоор жыйынтыкталды

Нур-Султанда ЮНИСЕФ менен ASTANA HUB ортосундагы долбоор жыйынтыкталды

«Жеткиликтүү Казакстан» платформасы Борбор Азиядагы эң биринчи глобалдык санариптик коомго керектүү биринчи долбоор катары таанылды. Атайын сайт ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жана өзгөчө муктаждыктары бар адамдар үчүн ар кандай коомдук жайларга кирүүгө мүмкүнчүлүк берет. Казакстандыктар тарабынан бааланган уникалдуу санариптик долбоор Бириккен Улуттар уюмунун балдар фондунун (ЮНИСЕФ) жана Astana Hub санариптик технологиялар паркынын биргелешкен стартап программасынын натыйжасында ишке киргизилген. Долбоордун түпкү жыйынтыгы бүгүн борбор калаада инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү боюнча дагы бир долбоордун бет ачаарында көпчүлүккө сунушталды.

Раушан Ибрашева, БУУнун балдар фондунун инновациялар боюнча координатору:

- Биз бул долбоорду Казакстандын санариптик коомдук муктаждыктарын изилдөөдөн баштадык. Ал санариптик ден соолук, билим берүү, балдардын эрте өнүгүүсү, ишке орношуу көндүмдөрү жана башкалар сыяктуу бир катар артыкчылыктуу багыттар боюнча жүргүздүк. Андан кийин эл аралык серепчилердин жана жергиликтүү адистердин катышуусу менен инклюзия, санариптик көндүмдөр боюнча долбоорду, чоң онлайн курсун иштеп чыгууга кириштик. Бул курс толугу менен онлайн режиминде жүргүзүлүп, атайын машыктыруучулар даярдалды.

Аталган машыктыруучулардын бири Болат Мырзакулов. «Инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү» долбоорунун алкагында окуган мугалимдердин 10% ушул адистин жетекчилиги астында билим алышты. Сабактар ​​okoo.kz. аянтчасында өткөрүлдү. Мугалимдер алдыңкы санариптик каражаттарды колдонуу ошондой эле, балдар менен иштөөнүн заманбап ыкмаларын үйрөнүштү.

Болат Мырзакулов, инклюзивдүү билим берүү боюнча долбоордун машыктыруучусу:

- Астана хаб бизге бардык жабдыктарды берди, өздөрү чогултуп, бизге үйрөтүштү. Программаны иштеп чыгарды. Бул долбоордун алкагында биз Казакстанда жана анын аймактарында 12 миңден ашык мугалимди окутуп чыгардык. Алар геймификация, кейстер менен иштөө, кейстик окутуу ыкмасы, топтор менен иштөө сыяктуу заманбап окуу жараяндарынын көндүмдөрүн үйрөтүштү. Бул кызыктуу окуу процессин түзүүгө мүмкүндүк берген заманбап методикалар болуп саналат.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков