13 аймакта жаңы айыл чарба долбоорлору ишке ашырылат

13 аймакта жаңы айыл чарба долбоорлору ишке ашырылат

Казакстанда эт жана сүт азыктарын өндүрүү боюнча 38 миллиард теңгеге инвестициялык долбоорлор ишке ашырылууда. Жаңы өндүрүштөр өлкөнүн 13 аймагында жайгаштырылат. Бул чаралар импорттун үлүшүн азайтат - дейт айыл чарба министри Ербол Карашукеев. Мындан тышкары, тармак жетекчиси ата мекендик алма өстүрүүнү кеңейтип, 8 миң гектардан ашык жерге алма бактары тигиле турганын билдирди.

Ербол Карашукеев, Айыл чарба министри:

- Жалпысынан инвестициялык долбоорду 2022-жылы ишке ашыруу мерчемделип жатат. Бир нече инвестициялык долбоорлор. Анын ичинде 7 эт, 10 сүт комбинатын, 10 бакма канаттуулар фабрикасын куруу жана кеңейтүү боюнча өндүрүштүн көлөмүн көтөрүү көздөлүүдө. Эң ири долбоорлор Алматы жана Караганды облустарында жалпы суммасы 7 млрд теңгеге сүт азыктарын өндүрүү боюнча 2 долбоор болуп саналат.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков