Нур-Султанда төрт ири долбоор ишке берилет

Нур-Султанда төрт ири долбоор ишке берилет

Казакстан борборунун инвестициялык тартымдуулугу жогорулады. Учурда борбор калаада тамак-аш өнөр жайы жана курулуш тармагында төрт ири долбоор ишке ашырылууда. Бул экономиканын стратегиялык маанилүү тармактары. Жаңы өндүрүштөр азык-түлүк коопсуздугун чыңдап, импортту алмаштырууну жогорулатууга мүмкүндүк берет. Борбор калаа долбоорлорунун жалпы баасы 19,5 миллиард теңгеден ашат. Бул каражатка келерки жылы шаарда майда бетон буюмдарын чыгаруучу завод курулат. Анын кубаттуулугу жылына 132 миң тоннаны түзөт.

Ербол Канафин, «Astana Invest» шаардык инвестицияларды өнүктүрүү борборунун башкарма төрагасынын орун басары:

- Өндүрүштүк тамак-аш комплексинин долбоорлору да жарыяланды. Бул комплекстин курамына сүт, нан заводдору жана жашылча кампалары кирет. Жалпысынан долбоорлор толук ишке киргенде миңге жакын жумушчу орун түзүлөт. 2025-жылга чейин дагы бир катар долбоорлорду ишке киргизүүнү мерчемдеп жатабыз. Жалпысынан 5 миң кишиге жумуш орундары түзүлөт.

Ошондой эле, келерки жылдан баштап газобетон заводун ишке киргизүү көздөлүүдө. Анын жылдык кубаттуулугу 100 миң куб метрди түзөт. 2024-жылы логистикалык борбору бар өндүрүштүк база ишке киргизилет. Мында айына 100 тонна жарым фабрикат, 30—40 миң текстиль жана 50 даана эмерек өндүрүлөт.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков