Казакстан күн карама майынын экспортун көбөйттү

Казакстан күн карама майынын экспортун көбөйттү

Казакстан күн карама майынын экспортун көбөйттү. 2022-жылдын башынан бери бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5 эсеге көбөйүп, 29дан 141 миң тоннага чейин жеткен. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Экспорттолгон күн карама майынын көбү Өзбекстанга жөнөтүлөт. Казакстандык өнүмдү Ооганстан, Тажикстан жана Кытай мамлекеттери да сатып алат. Жаңы рынокторду өнүктүрүү улантылууда. Күн карама майын жакында Чехияга, Литвага жана Түркияга жеткирүү пландалган.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков