ЕАЭБ мамлекеттеринин ишкерлери 1 триллион теңгеден ашык каражат үнөмдөйт

ЕАЭБ мамлекеттеринин ишкерлери 1 триллион теңгеден ашык каражат үнөмдөйт

Евразия  экономикалык биримдик өлкөлөрүнүн ишкерлери бажы төлөмдөрүн убактылуу алып салуудан 1 триллион теңгеге жакын каражатты үнөмдөйт. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын соода министри Андрей Слепнев Москва-Минск-Бишкек-Ереван-Нур-Султан видео-конференциясында билдирди. Жалпысынан бир жарым миң товарга бажы төлөмдөрүн алып салуу чечими кабыл алынды. Анын ичинде тамак-аш, химиялык, курулуш жана башка материалдар кирет. Жакынкы арада Евразия  экономикалык биримдиктин өнөктөш өлкөлөрү келишимдердин кошумча топтомун кабыл алаары күтүлүүдө. Бажы салыгын алып салуу чечими 2022-жылдын аяк оона айынын аягына чейин күчүндө болот.

Андрей Слепнев, Евразия Экономикалык Комиссиясынын соода министри:

- Эсептерге ылайык үч топтомду ишке ашыруу учурунда бажы салыгынан бошотуудан бизнес болжол менен 200 миллиард рублга жакын каражатты үнөмдөйт. Бул жарым-жартылай эсеп-кысап жана логистикалык маселелерди жабууга арналган каражаттар. Муну бизнеске түз колдоо десек болот.

Министрдин айтымында, Евразия экономикалык биримдигинин алкагында бизнес жараяндарды стимулдаштыруу боюнча чаралар көрүлөт.

Андрей Слепнев, Евразия Экономикалык Комиссиясынын соода министри:

- Биздин өз ара сооданы кеңейтүүбүз абдан маанилүү. Башкача айтканда, өз ара инвестиция тартууга түрткү берүү керек. Бул үчүн республикалык деңгээлде кабыл алынган шыктандыруу чараларын координациялоо зарыл.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков