«Павлодар» атайын экономикалык аймагында жүздөн ашык өнүм түрлөрү чыгарылат

«Павлодар» атайын экономикалык аймагында жүздөн ашык өнүм түрлөрү чыгарылат

«Павлодар» атайын экономикалык аймагында 208 миллиард теңгенин өнүмү өндүрүлгөн. Мындан тышкары, атайын экономикалык аймактын бардык иштөө мезгилинде даяр өнүмдүн экспортунун көлөмү 103 миллиард теңгени түздү. Ата мекендик өнүмдөр негизинен Жапония, Түштүк Корея, Кытай, Германия, Италия, Польша, Иран, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстанга экспорттолот. Белгилей кетсек, ишкана атайын экономикалык зонада каустикалык сода, автоунаалар үчүн жогорку эрүүчү алюминий дөңгөлөктөрүн, мотор майларын жана майлоочу майларды, ошондой эле активдештирилген көмүрдү ийгиликтүү өндүрөт. Бардыгы болуп товарлардын жүздөн ашык түрү чыгарылат.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков