Казакстандык авто унаалардын экспорту бир чейректе 45%га өстү

Казакстандык авто унаалардын экспорту бир чейректе 45%га өстү

Казакстанда кураштырылган унаалардын экспорту дароо 45% өстү. Бул жыл башынан бери катталган көрсөткүч гана. Адистердин айтымында, биринчи кварталда эки миң автоунаа жакынкы жана алыскы чет өлкөлөргө экспорттолгон. Баалары 213 миллиард теңгени түзгөн 22 миңден ашык автоунаа өндүрүлгөн. Казакстандын автомобиль бизнес ассоциациясынын адистеринин маалыматында, өндүрүштү көбөйтүү жараяны улантылат. Сатуу көлөмүн көбөйтүүнүн негизги өбөлгөлөрү болуп төмөнкүлөр саналат: өндүрүштү көбөйтүү жана жеңилдетилген насыялоо программасына жаңы транштарды бөлүү кирет.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков